163-берене. Адвокаттык бюро
Күчүндө · 27.07.2016 редакциясы
1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттык бюро уюштурууга укуктуу.
Адвокаттык бюро коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, адвокаттык бюрону уюштурууга жана анын ишине байланыштуу пайда болгон мамилелерге карата ушул Мыйзамдын 162-беренесинин эрежелери колдонулат.
3. Адвокаттык бюронун аталышы "жана компаниясы", "жана өнөктөштөр" же болбосо "жана адвокаттар" деген сөздөрдү кошуу менен бир же бир нече адвокат-өнөктөштөрдүн аттарын камтууга тийиш. Адвокаттык бюродо катышуусун токтоткон адвокат-өнөктөштүн уруксаты менен анын атын адвокаттык бюронун аталышына пайдаланууга жол берилет.
4. Адвокаттык бюро уюштурган адвокаттар өз ара жазуу жүзүндө жөнөкөй өнөктөштүк келишимин түзөт жана адвокаттык бюрону каттоо үчүн аны юстиция органына бербейт. Өнөктөштүк келишими боюнча адвокат-өнөктөштөр бардык өнөктөштөрдүн атынан юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө милдеттенишет.
5. Өнөктөштүк келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү;
2) өнөктөштөр тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби;
3) башкаруучу өнөктөштү шайлоо тартиби, анын компетенциясы жана башка шарттар.
6. Эгерде өнөктөштүк келишиминде башкача белгиленбесе, адвокаттык бюронун жалпы ишин алып баруу башкаруучу өнөктөш тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишеним артуучу менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу алардын берген ишеним каттарынын негизинде бардык өнөктөштөрдүн атынан башкаруучу өнөктөш тарабынан түзүлөт. Ишеним каттарында ишеним артуучулар жана үчүнчү жактар менен макулдашууларды жана бүтүмдөрдү түзүүчү өнөктөштүн компетенциясын бардык чектөөлөр көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга маалымдалат.
7. Өнөктөштүк келишими төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;
2) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн бири болуп саналган адвокат статусунан ажыраганда, токтотулганда же токтотула турганда;
3) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн биринин талабы боюнча өнөктөштүк келишими бузулганда.
8. Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып анын катышуучулары ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга карата аткарылбаган жалпы милдеттенмелер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
9. Өнөктөштөрдүн бири өнөктөштүк келишиминен чыкканда ал юридикалык жардам көрсөткөн бардык иштер боюнча өндүрүштү башкаруучу өнөктөшкө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
10. Өнөктөштүк келишимининен чыккан адвокат анын өнөктөштүк келишимине катышкан мезгилинде пайда болгон жалпы милдеттенмелер боюнча ишеним артуучулардын жана үчүнчү жактардын алдында жооп берет.
11. Адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттык бюро коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.
12. Өнөктөштүк келишими токтогондон кийин адвокаттар жаңы өнөктөштүк келишимин түзүүгө укуктуу. Мурдагы өнөктөштүк келишиминин колдонулушу токтогон күндөн тартып бир айдын ичинде жаңы өнөктөштүк келишими түзүлбөсө, анда адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлүүгө же болбосо жоюлууга жатат.
Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып жана адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурга же болбосо жаны өнөктөштүк келишими түзүлгөнгө чейин адвокаттар юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуксуз.";
3) 23-берененин 2-бөлүгүндө "адвокаттык мекеменин" деген сөздөр "адвокат өзүнүн ишин жүзөгө ашырган формада адвокаттык кабинеттин, адвокаттар коллегиясынын же адвокаттык бюронун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 27-беренеде:
2-бөлүгүндө "же адвокаттык уюм менен юридикалык жактын" деген сөздөр "ишеним артуучунун өзүнүн же ал тарабынан дайындалган адамдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокатка (адвокаттарга), ошондой эле алардын адвокаттык уюмга таандыктуулугун көрсөтүү;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Ишеним артуучу тарабынан адвокатка төлөнүүчү сыйакы жана (же) тапшырманы аткарууга байланыштуу адвокаттын чыгымдарын компенсациялоо адвокаттык кабинеттин же болбосо адвокаттык уюмдун кассасына макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө төгүлүүгө же эсептешүү эсебине которулууга жатат.";
в) 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттын ыйгарым укуктары адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокаттык кабинет же болбосо адвокаттык уюм формасында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокат тарабынан берилген тапшырма ордери менен ырасталат.";
5) 32-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, анын ичинде Адвокаттар кеңеши менен бирдикте адвокаттык ишти уюштуруунун формаларына ылайык салыктык режимди иштеп чыксын; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды кайра каттоо жана мыйзамда белгиленген тартипте Адвокатурага кирбеген адамдардын адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиялардын колдонулушун токтотуу боюнча иш жүргүзсүн.";
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин жүзөгө ашыруучу адвокаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өзүнүн адвокаттык ишин уюштуруу формасын ушул Мыйзамдын 16 - 163-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирсин.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" деген терминдерди же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын өзүнүн аталышында пайдаланган юридикалык жактар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө аларды ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 22-бөлүгүнүн эрежелерине ылайык келтирсин.".
Берененин тексти 27.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
163-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111428/st-163" title="163-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>