1-берене
Күчүндө · 27.07.2016 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Адвокат адвокаттык ишти жеке адвокаттык кабинет формасында же болбосо адвокаттык уюм аркылуу адвокаттар коллегиясы же адвокаттык бюро формасында жүзөгө ашыра алат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
"21. Адвокат ушул Мыйзамга ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун формасын өз алдынча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу. Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун тандаган формасы жөнүндө каттаган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага кабарлоого милдеттүү.
22. Юридикалык жактардын аталыштарында "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын пайдаланууга адвокаттарга жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн уюмдарга гана жол берилет.";
2) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 161 - 163-беренелер менен толукталсын:
"161-берене. Адвокаттык кабинет
1. Адвокаттык ишти жеке жүзөгө ашыруу чечимин кабыл алган адвокат адвокаттык кабинетти уюштурат.
2. Адвокат адвокаттык кабинетти уюштуруу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага жиберет, анда адвокат, адвокаттык кабинеттин жайгашкан жери, телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын даректери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
3. Адвокаттык кабинет юридикалык жак болуп саналбайт.
4. Адвокаттык кабинетти уюштурган адвокат мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат, анда адвокаттык кабинеттин дареги жана аталышы менен мөөрү, штампы жана бланкы болот. Адвокаттык кабинеттин аталышы аны уюштурган адвокаттын атын, ошондой эле "адвокаттык кабинет" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
5. Адвокаттык кабинетте юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.
6. Адвокат адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн анын же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик укугуна таандык турак жайды акыркылардын жана коңшуларынын макулдугу менен пайдаланууга укуктуу. Жалдоо келишими боюнча адвокат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ээлеген турак жай адвокат тарабынан адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн жалдоого берүүчүнүн, коңшуларынын жана адвокат менен бирге жашаган бардык жашы жеткен адамдардын макулдугу менен пайдаланылышы мүмкүн.
Берененин тексти 27.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111428/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>