# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111421)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111421/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2240/edition/1120096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111421/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111421/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:

"25) "Контролдук баалардын минималдык деңгээли" - Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлардын ушул Кодексте аныкталган учурларда жана тартипте белгиленүүчү баасы.";

2) 44-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун "а" пунктчасында "акциздик" деген сөз алып салынсын;

3) 120-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) ушул беренеге ылайык аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлар менен бүтүмдөрдө.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:

"8. Алар үчүн контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмегин, контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн, контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

9. Аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген импорттолуучу товарлар боюнча, ушул Кодекстин максаттары үчүн ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык белгиленген деңгээлден төмөн болбогон баа кабыл алынат.";

4) 265-беренеде:

а) 3-бөлүгүндө "120-беренесинде каралгандан башка учурларда" деген сөздөр "120-беренесине ылайык колдонулуучу рыноктук баалардын деңгээлине ылайык келүүчү нарк боюнча беримдерди кошпогондо," деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 7-бөлүгүнүн 2-пунктунда "өндүрүүгө кеткен" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык чегерилген амортизациянын суммасына азайтылган" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111421/st-2)
