Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июлу № 139 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 2-статьяда: 1-пунктунун "г" пунктчасында:
- биринчи сүйлөмү "чет өлкөлүк мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү "чет өлкөлүк мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктунун "в" пунктчасы "чет өлкөлүк мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8