# 1-берене

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111419)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 138 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111419/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2238/edition/730870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111419/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (25.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111419/st-1

---

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгүндө "жеке адамдардын" деген сөздөр "аманатчылардын" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 2-беренеде:

а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аманат (депозит) - бул Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар банк тарабынан кайтарып берүү шартында (бул шарттар толук же жарым-жартылай кайтаруу же көбүрөөк сумманы кайтаруу болжолдонгонуна карабастан) аманатчыдан алынган акчанын суммасы, ошондой эле жеке ишкердин эсептешүү же депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы.";

б) сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аманатчы - банкка депозит салган жеке жак жана юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишин жүзөгө ашырган, өз ишине байланыштуу банктык эсептерде өз акча каражаттарын жайгаштырган жеке ишкер.";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:

"Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты - ушул Мыйзам менен белгиленүүчү Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынын суммасына катышуучу-банктардын кепилденген депозиттеринин жалпы суммасына карата катыш катары эсептелип чыгарылуучу Депозиттерди коргоо фондунун жетиштүүлүк көрсөткүчүнүн багыты.";

3) 4-берененин 1-бөлүгүндө "100" деген цифралар "200" деген цифраларга алмаштырылсын;

4) 26-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты 12 пайыз деңгээлинде белгиленет.";

б) 3-бөлүгүндө "кийинки мүчөлүк акыларды" деген сөздөр "мүчөлүк акыларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 4-5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 28-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Иштеп жаткан банктардын мүчөлүк акылары ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттуу багыттарга жетишүү үчүн банктын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызынын деңгээлинде белгиленет.";

6) 29-берененин 1-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Банктар жыл сайын банктын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызынын өлчөмүндө календардык мүчөлүк акыларды төлөөгө тийиш.";

б) экинчи абзацында "43" деген цифралар "26" деген цифраларга алмаштырылсын;

7) 30-берененин 1-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацында "милдеттенмелерди жабуу" деген сөздөрдөн мурда "учурдагы" деген сөз менен толукталсын;

б) 2-пунктунда "50 пайызынан" деген сөздөр "суммасынан" деген сөзгө алмаштырылсын;

8) 33-беренеде:

а) 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Фонддун максаттуу өлчөмүнүн жылына 2 пайызынын, ал эми андан кийин -" деген сөздөр алып салынсын;

9) 43-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "ушул берененин 2-бөлүгүндө аныкталган шарттарды кошпогондо, ал" деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111419/st-2)
