1-берене
Күчүндө · 25.07.2016 редакциясы
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндө "жеке адамдардын" деген сөздөр "аманатчылардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-беренеде:
а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аманат (депозит) - бул Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар банк тарабынан кайтарып берүү шартында (бул шарттар толук же жарым-жартылай кайтаруу же көбүрөөк сумманы кайтаруу болжолдонгонуна карабастан) аманатчыдан алынган акчанын суммасы, ошондой эле жеке ишкердин эсептешүү же депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы.";
б) сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аманатчы - банкка депозит салган жеке жак жана юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишин жүзөгө ашырган, өз ишине байланыштуу банктык эсептерде өз акча каражаттарын жайгаштырган жеке ишкер.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты - ушул Мыйзам менен белгиленүүчү Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынын суммасына катышуучу-банктардын кепилденген депозиттеринин жалпы суммасына карата катыш катары эсептелип чыгарылуучу Депозиттерди коргоо фондунун жетиштүүлүк көрсөткүчүнүн багыты.";
3) 4-берененин 1-бөлүгүндө "100" деген цифралар "200" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 26-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты 12 пайыз деңгээлинде белгиленет.";
б) 3-бөлүгүндө "кийинки мүчөлүк акыларды" деген сөздөр "мүчөлүк акыларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 28-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иштеп жаткан банктардын мүчөлүк акылары ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттуу багыттарга жетишүү үчүн банктын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызынын деңгээлинде белгиленет.";
6) 29-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Банктар жыл сайын банктын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызынын өлчөмүндө календардык мүчөлүк акыларды төлөөгө тийиш.";
б) экинчи абзацында "43" деген цифралар "26" деген цифраларга алмаштырылсын;
7) 30-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацында "милдеттенмелерди жабуу" деген сөздөрдөн мурда "учурдагы" деген сөз менен толукталсын;
б) 2-пунктунда "50 пайызынан" деген сөздөр "суммасынан" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 33-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Фонддун максаттуу өлчөмүнүн жылына 2 пайызынын, ал эми андан кийин -" деген сөздөр алып салынсын;
9) 43-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "ушул берененин 2-бөлүгүндө аныкталган шарттарды кошпогондо, ал" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 25.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111419/st-1" title="1-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>