# КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 137 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 137 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2237/edition/730849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 137 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111418

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июлу № 137 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111418/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111418/st-1)

төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын: "33) Күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдик, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү, сактоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган атайын жабдылган жеңил конструкциядагы курулма."; 74-статьянын 2-пункту "гидротехникалык курулуштардан" деген сөздөрдөн кийин ", сугат айдоо жерлерине күнөсканалардан жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларынан" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111418/st-2)

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111418/st-11)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-статья. Эгерде айыл чарба багытындагы жер участогунун (жер үлүшүнүн) менчик ээси Жер кодексинде каралган учурларды кошпогондо, ал жерде ар кандай курулуштарды жүзөгө ашырса же аны айыл чарба максатында пайдаланбаса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эскертүү берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тартибинде жер участогун (жер үлүшүн) мамлекеттин пайдасына алуу жол-жобосун баштоого укуктуу.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111418/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
