# КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2236/edition/1259387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111417

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июлу № 136 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111417/st-1)

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 1-бөлүгүнүн жыйырма экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 12-беренеде:

а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;";

б) он алтынчы абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) он жетинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111417/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
