# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 8-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-8

---

Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече түрдө кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө зарыл маалыматтар болбогондо ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат. Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мекемелерден зарыл болгон материалдарды суратып алуу укугу берилет. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-9)
