# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 6-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-6

---

Ушул Мыйзамдын колдонулушуна ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган жана соттолгон адамдар туш келет. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна Кыргыз Республикасынын соттору соттогон адамдар, ошондой эле чет мамлекеттердин соттору соттогон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан адамдар туш келет; аларга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет. Кыргыз Республикасынын соттору соттогон, бирок жазасын анын чегинен сырткары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орунбасарларынын санкциясы менен, эл аралык келишимдердин негизинде, аймагында соттун өкүмүн аткаруу жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча чечилет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-7)
