# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 5-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-5

---

Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:

1) коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөттө кылмыш жасаган адамдарга;

2) жаза өтөө режимин кыянаттык менен бузган адамдарга;

3) уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыш жасаган адамдарга;

4) кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс же ырайым кылуу берүү актылары мурда колдонулган жана кайрадан атайылап кылмыш жасаган адамдарга;

5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөн адамдарга;

6) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы ырайым кылуу тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасына алмаштырылган адамдарга;

7) чет мамлекеттердин жарандарына;

8) жашы жетпегендерге жана жаш балдарга карата жасалган кайсы болбосун кылмышты жасаган адамдарга.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-6)
