# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 3-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-3

---

Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна туш келбеген адамдардын жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө кыскартылсын:

1) жазаны өтөө мөөнөтүн жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго - жарымы;

2) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылды кошуп алганда ага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бири;

3) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылды кошуп алганда ага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - бештен бири;

4) тарбия абагында жазасын өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылды кошуп алганда ага чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жетпегендерге - жарымы.

Ушул Мыйзамга ылайык жаза мөөнөтү кыскартылган адамдарга ушул Мыйзам жарыялангандан кийин бир айдын ичинде жаза мөөнөтүн жаңыча эсептөө жана жазаны өтөөнүн аяктоо датасы тууралуу расмий маалымдалууга тийиш.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-4)
