# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 16-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-16

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй иштерге көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат:

1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жете электерди алар жашаган жерине келгенден кийин өз убагында эсепке алууга, аларды жумушка орноштурууга же ата-энесинин, камкордук же камкорчулук органдарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды жашаган жерине келгенден кийин эки апталык мөөнөттөн кечиктирбестен балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга жайгаштырууга; ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча иш-аракетин координациялоону жүзөгө ашырууга;

2) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында эсепке алууну уюштурууга, алар жашаган жерине келгенден кийин эки апталык мөөнөттөн кечиктирбестен алардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна; жазадан бошотулган, бага турган туугандары жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана карыларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же карылар үчүн үйлөргө жайгаштырууга.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар менен биргеликте, жазадан бошотулган, кургак учуктун оор формасы менен ооруган адамдарды белгиленген тартипте эсепке алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жөнөтүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке алууну жана өлкөдөн депортациялоону уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын. Ушул Мыйзамда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу ишине чегилген мамлекеттик органдар тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде каржылоону жүргүзсүн.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-17)
