# 15-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 15-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-15

---

1. Ушул Мыйзамды колдонуу ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) прокурор тарабынан санкцияланган токтомунун негизинде, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Токтомго соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары жана жазалары жөнүндө маалымкат, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.

3. Соттор тарабынан ушул Мыйзамды колдонууда прокурордун катышуусу милдеттүү.

4. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же болбосо мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

5. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен, жазадан бошотуу жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим кылмыштын натыйжасында келтирилген материалдык зыян толук төлөнгөндөн кийин кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-16)
