# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 14-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-14

---

Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:

1) жаза аткарууну жүргүзүүчү органдарга жана мекемелерге - түзөтүү мекемелеринде турган соттолгондорго карата;

2) тергөө жана прокуратура органдарына - кылмыштары жөнүндө иштер ушул органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата;

3) сотторго:

а) кылмыштары жөнүндө иштер соттордун өндүрүшүндө турган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин каралбаган адамдарга карата, ошондой эле кылмыштары жөнүндө иштер каралган, бирок өкүмдөр мыйзамдык күчүнө кире элек адамдарга карата;

б) өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясында белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;

4) жазык-аткаруу инспекцияларына - коомдон бөлүүгө байланышпаган жазаларга соттолгон адамдарга, ошондой эле жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларында эсепте турган адамдарга карата.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-15)
