# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 13-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-13

---

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек адамдар кирет;

2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү тиешелүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жаштан ашкан адамдар кирет;

3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте ушундай деп таанылган I жана II топтогу майыптар кирет;

4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ата-энелик укуктардан ажыратылбаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек балдары бар, анын ичинде асырап алынган же камкордукка алынган балдары бар же болбосо жаш курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу балдары бар адамдар кирет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-14)
