# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111416)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2235/edition/730528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111416/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 1-берене (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-1

---

Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөр бошотулсун:

1) 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпегендер;

2) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;

3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу адамдар;

4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

5) чоң коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылдан ашпаган адамдар;

6) чоң коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111416/st-2)
