# КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 135 "Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 135 "Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2234/edition/730492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 135 "Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (25.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июлу № 135 Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111415/st-1)

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-берененин 3-бөлүгүндө "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111415/st-2)

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 41-статьянын 3-бөлүгүндө "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111415/st-3)

"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

## 2-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 61-статья менен толукталсын:

"6-1-статья. Кызмат адамдарынын чечимдерине даттануу тартиби Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын чечимдерине административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111415/st-4)

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-статьянын 1-бөлүгүндө "соттук тартипте" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111415/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
