Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июлу № 135 Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-берененин 3-бөлүгүндө "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 41-статьянын 3-бөлүгүндө "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене. "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 61-статья менен толукталсын:
"6-1-статья. Кызмат адамдарынын чечимдерине даттануу тартиби Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын чечимдерине административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".
4-берене. "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-статьянын 1-бөлүгүндө "соттук тартипте" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Озон катмарын коргоо жөнүндөЗакон · 18.12.2006 · № 206
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
Шилтеме берет (4)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Озон катмарын коргоо жөнүндөЗакон · 18.12.2006 · № 206
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53