4-берене. Өтмө жоболор
Күчүндө · 28.02.2023 редакциясы
Ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органында катталган юридикалык жактарга карата жайылтылбайт. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган фирмалык аталыштар, анын ичинде лицензиялык келишим боюнча өзгөчө укуктар юридикалык жактын иши токтогонго же болбосо анын фирмалык аталышы өзгөргөнгө чейин колдонулат. Катталган фирмалык аталыштар, анын ичинде лицензиялык келишим менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттор тарабынан каралат.
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111412/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>