2-берене
Күчүндө · 28.02.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 461-статьянын 1-пунктунда "аталышы (фирмалык аталышы)" деген сөздөр "фирмалык аталышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 757 жана 758-статьялардын 1-пункттарынын экинчи абзацтарында, 793-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасында, 852-статьянын 1-пунктунда, 861-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында, 907-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында, 924-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында, 964-статьянын экинчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "фирмалык аталыш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 866-статьянын 1-пунктунда "келишимде каралган лицензиардын фирмалык аталышын жана корголуучу коммерциялык маалыматын камтыган лицензиаттын ээлик кылуу ишкердигинде пайдаланылуучу өзгөчө укуктарынын комплексин, ошондой эле башка өзгөчө укуктарды (товардык белгини, тейлөө белгисин, патентти)," деген сөздөр "лицензиаттын ишкердик ишинде келишимде каралган лицензиардын товардык белгисинин, тейлөө белгисинин, патентинин өзгөчө укуктарын жана корголуучу коммерциялык маалыматын пайдалануу укугун камтыган өзгөчө укуктардын комплексин (лицензиялык комплексти)," деген сөздөргө алмаштырылсын";
4) 871-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) сегизинчи абзацында "фирмалык аталышын," деген сөздөр алып салынсын;
5) 875-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими лицензиялык комплекске кирген өзгөчө укук токтотулган учурда токтотулат.";
6) 877-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 58-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11031-статья менен толукталсын:
"11031-статья. Фирмалык аталыш
1. Фирмалык аталыш - аны менен ал өз ишин жүзөгө ашырган жана ал башка юридикалык жактан айырмаланып турган юридикалык жактын толук аталышы.
2. Юридикалык жак граждандык карым-катнашка анын уюмдаштыруу документтеринде аныкталган өзүнүн фирмалык аталышы менен чыгат жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин турун билдирген сөздөрдөн гана турбастан, юридикалык жактын өз аталышына көрсөтмөнү камтууга тийиш.
4. Юридикалык жактын бир толук фирмалык аталышы болууга тийиш жана бир кыскартылган фирмалык аталышынын болушуна укуктуу.
Юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын гана камтууга тийиш.
5. Юридикалык жактын фирмалык аталышына төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн эмес:
1) катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) окшош толук же кыскартылган аталыштары;
2) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят сөздөр.
Мамлекеттик ишкананын фирмалык аталышы мндай ишкананын Кыргыз Республикасына таандыктыгында көрсөтмөнү камтышы мүмкүн. Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылган аталышын, ошондой эле ушул аталыштан алынган туунду сөздөрдү жана "Улуттук" жана "Манас" деген сөздөрдү алардын кайсы айкалышында болбосун киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.";
8) 1104-1106-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1104-статья. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук
1. Юридикалык жакка өзүнүн фирмалык аталышын мыйзамга карама-каршы келбеген кандай болбосун ыкма менен (фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук), анын ичинде аны көрнөктөрүндө, бланктарында, эсептеринде жана башка документтеринде, кулактандырууларда жана жарнамада, товарларда же алардын таңгактарында, "Интернет" тарамында көрсөтүү жолу менен жекелештирүү каражаты катары пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.
2. Фирмалык аталышка өзгөчө укукту тескөөгө (анын ичинде аны фирмалык аталышты пайдалануудан ажыратуу же башка жакка укугун берүү жолу менен) жол берилбейт.
3. Юридикалык жакка башка юридикалык жактын, мурда юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген фирмалык аталышына окшош фирмалык аталышын пайдаланууга жол берилбейт.
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111412/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>