# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111412/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2231/edition/1237677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111412/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 1-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111412/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 87-статьянын 4-пунктунда жана 4-пунктун кошпогондо, 89-статьяда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "фирмалык аталыш" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 89-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Юридикалык жак фирмалык аталышка ээ болууга тийиш. Фирмалык аталышка карата талаптар ушул Кодекс, ошондой эле юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет. Фирмалык аталышка болгон укуктар ушул Кодекстин V бөлүмүнүн эрежелерине ылайык аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111412/st-2)
