1-берене
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 98-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө";
2) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "маалыматташтыруу" деген сөздөн кийин "жана электрондук башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү "колдонулушу" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик жашырын сырларга киргизилген маалыматтарды иштетүү үчүн арналган маалыматтык тутумдарга," деген сөздөр менен толукталсын;
4) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу процессин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында заманбап маалыматтык инфратүзүмдү түзүүнүн, анын эл аралык маалыматтык тармактарга жана тутумдарга интеграцияланышынын негизинде электрондук башкарууну түзүү жана иштешин камсыз кылуу, жарандардын, мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Ушул Мыйзамдын милдеттери бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, заманбап маалыматтык технология каражаттары менен маалыматтарды түзүү, топтоо, сактоо, берүү жана таркатуу боюнча ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо болуп саналат.";
5) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"электрондук башкаруу - маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессин кошуп алганда, башкаруу процесстерин автоматташтырууга негизделген мамлекеттик башкарууну уюштуруу тутуму; мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун бардык аспекттеринин жыйындысы.";
6) 4-статья "маалыматташтыруу" деген сөздөн кийин "жана электрондук башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары
1. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.
2. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик башкарууну жана жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутуму аркылуу өз ыйгарым укуктарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутумуна төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган;
- транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аларга баш ийген ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөр;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзө алат.
4. Электрондук башкаруу, маалыматтык жана интерактивдүү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоочу жана мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, мамлекеттик маалыматтык тутумдун ишке киришин жана иштөөсүн координациялоочу бирдиктүү орган болуп саналат.";
8) 26-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "бекитилген Маалыматташтыруу программасына" деген сөздөр "маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү бекитилген пландарга жана программаларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитилген ресурстардын чыгымдар сметасынын чектеринде мамлекеттик маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууга жана иштетүүгө сарпталуучу акча каражаттарын кароого, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы пландарга жана программаларга ылайык аларды пайдаланууну контролдоого жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү. Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат берүү милдети Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жайылтылбайт.".
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111409/st-1" title="1-берене - Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>