# КР 2016-жылдын 21-июлундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 21-июлундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2227/edition/1120092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 21-июлундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111408

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 21-июлу № 129 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111408/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 92-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчет болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалымат берүү.";

б) 2-бөлүгүндө:

4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак;

5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объекти бар жеке жак.";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүнө ылайык ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун максаттары үчүн салык салуунун объекти болуп саналган мүлк мүлктүн объекти деп түшүнүлөт.";

2) 161-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар, киреше алган жеке жак-резидент;";

3) 162-берененин 1-пунктунда:

а) "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке адам-резидент үчүн;";

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:

"а-1) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам-резидент үчүн;";

4) 184-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "туруктуу мекемеге байланышпаган" деген сөздөр "ушул уюмдун туруктуу мекемесине байланышпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 185-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111408/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-беренеде: берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын: "3-1. 2016-жылдан тартып башталган мезгилге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча талаптары муниципалдык кызматчыларга жайылтылат."; 4-бөлүгүндө: "2015" деген цифралар "2019" деген цифраларга алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "2019-жылдан тартып башталган мезгилге бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер 2019-жылга чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111408/st-3)

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
