# КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 125 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 125 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2223/edition/728868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 125 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (20.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111404

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 20-июлу № 125 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111404/st-1)

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнмө билдирген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) - эри (аялы) алардын жашы жете элек балдары жана эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында алар чогуу жашаса эринин (аялынын) багуусунда турган башка туугандары.";

2) 4-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Качкын статусун берүү жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111404/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
