# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111400)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111400/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2219/edition/729127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111400/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111400/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 41-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) мамлекеттик тилдеги 12-берененин 2-бөлүгүндө "пайданы" деген сөз "кирешени" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 20-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Монополияга каршы органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген регулятивдүү талаптардан четтөө менен, мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр түрүндөгү суммадан 25 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен Монополияга каршы органды өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фонду түзүлөт. Бул фондду түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111400/st-2)
