# КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2219/edition/729127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111400

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 15-июлу № 118 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111400/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 41-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) мамлекеттик тилдеги 12-берененин 2-бөлүгүндө "пайданы" деген сөз "кирешени" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 20-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Монополияга каршы органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген регулятивдүү талаптардан четтөө менен, мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр түрүндөгү суммадан 25 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен Монополияга каршы органды өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фонду түзүлөт. Бул фондду түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111400/st-2)

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111400/st-3)

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-пунктунун жана 2-берененин ченемдерин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
