1-берене
Күчүндө · 18.07.2016 редакциясы
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) он экинчи абзацында "белгилүү болгон, бир түрдүү" деген сөздөр "айырмалуу, бир кылка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жыйырма төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан бир же бир нече айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк же көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берүүчү чарба жүргүзүүчү субъект.";
в) 3-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) үрөнчүлүк чарба;";
2) 4-статьяда:
а) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-пункт "сортту" деген сөздөн кийин "жана гибридди" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы "сорттордун" деген сөздөн кийин "жана гибриддердин" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-статьянын 2-пунктунда "үрөндүк ишканалар" деген сөздөр "үрөнчүлүк чарбалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 11-статьянын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111399/st-1" title="1-берене - Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>