# 9-берене. Инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 9-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-9

---

1. Инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү инфратүзүм оператору тарабынан инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишиминин негизинде ташуучуларга жана башка керектөөчүлөргө көрсөтүлөт.

Эгерде ташуучу инфратүзүмдүн ээси же оператору болуп саналса инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишими түзүлбөйт.

2. Ташуучулардын инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Ташуучулардын жана башка керектөөчүлөрдүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүнү жөнгө салуунун тартибине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам инфратүзүмдүн өткөрүү жөндөмүнүн чектеринде көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-10)
