# 6-берене. Темир жол транспорту жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398#diff=1195003..1195004>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 6-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-6

---

1. (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Темир жол транспорту жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) темир жол транспорту жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана артыкчылыктарды белгилөө;

2) темир жол транспорту жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу органдарынын ишинин негиздерин аныктоо;

3) ташуу процессинин бардык катышуучулары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү ченемдик укуктук актыларды бекитүү;

4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө);

5) социалдык-экономикалык туруктуулукка, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип чыккан учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда темир жол транспорту менен айрым ташууларды жана алар менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерди темир жол транспортунун көрсөтүлгөн уюмдары тарткан чыгымдарды тийиштүү компенсациялоо менен темир жол транспортунун конкреттүү уюмдарына жүктөө.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) улуттук ташуучуну аныктайт жана анын уставын бекитет;

2) социалдык-экономикалык туруктуулукка, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип чыккан учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда темир жол транспорту менен айрым ташууларды жана алар менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер жүктөлгөн темир жол транспортунун конкреттүү уюмдары тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин аныктайт;

3) бөлүү тилкелеринин чектеринде темир жол транспортунун жерлерин коргоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт;

4) коргоо чөлкөмдөрүн белгилөөнүн, алардын өлчөмдөрүн жана бул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режиминин тартибин аныктайт;

5) республикалык ички катнаштарда жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин белгилөө маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

6) тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

7) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган темир жол транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-7)
