3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) жол жүгү - жүргүнчүнүн жол жүрүү документинде (билетинде) көрсөтүлгөн баруучу темир жол станциясына чейин жол жүктүк же почталык-жол жүктүк вагонунда ташуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алынган мүлкү;
2) республикалык ички катнаш - Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту менен жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн ташуу;
3) таңгакталган жол жүгү - жүргүнчүлөр поездинин жол жүктүк жана почталык-жол жүктүк вагонунда ташуу үчүн жүргүнчү болуп саналбаган жеке же юридикалык жактан белгиленген тартипте кабыл алынган нерселер;
4) жүк - жүк вагондорунда, контейнерлерде ташуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алынган объект (нерселер, пайдалуу кендер, материалдар, сырье, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары);
5) жүк жөнөтүүчү (жөнөтүүчү) - ташуу келишими боюнча өзүнүн же ташуу документинде көрсөтүлгөн жүктүн, жол жүгүнүн, таңгакталган жол жүгүнүн же почта жөнөтүүлөрүнүн ээсинин атынан чыккан жеке же юридикалык жак;
6) жүк алуучу (алуучу) - жүктү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн алууга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген жеке же юридикалык жак;
7) инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү - ташуучулардын жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүн алуу мүмкүнчүлүгү;
8) темир жол станциясы - инфратүзүм объекти (инфратүзүм объекттеринин жыйындысы), ал темир жолду кыйгама жолдорго же блок-участокторго бөлөт, жалпы эмес пайдалануудагы инфратүзүмдүн же темир жолдордун иштөөсүн камсыз кылат, анын поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү, өткөрүп жиберүү боюнча операцияларды, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана кабыл алуу, жүктөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу, берүү, жүктөө, түшүрүү боюнча операцияларды аткарууга, ал эми өнүккөн жол түзүлүштөрүндө поезддерди ажыратуу жана түзүү боюнча маневрдук жумуштарды жана поезддер менен техникалык операцияларды аткарууга, ошондой эле темир жолдук кыймылдуу курамды, контейнерлерди техникалык тейлөөгө жана даярдоого мүмкүнчүлүк берүүчү жолдук өнүгүүсү болот;
9) темир жол кыйгамасы - өз-өзүнчө окшош пункттардын (станциялардын жана ажырап өтүүчү жерлердин) ортосундагы темир жол линиясынын бөлүгү;
10) жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдор - пайдалануудагы темир жолдорго түздөн-түз же башка кошулма темир жолдор аркылуу барып туташуучу жана айрым керектөөчүлөрдү келишимдик шартта тейлөөгө же өзүнүн ээсинин жеке муктаждыктары үчүн жумуштарды аткарууга арналган кошулма темир жолдор;
11) жалпы пайдалануудагы темир жолдор - жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунда ташуу процессиндеги операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн арналган, инфратүзүмдүн объекттери болуп саналган темир жол станцияларынын аймактарындагы темир жолдор, ошондой эле көрсөтүлгөн темир жол станцияларын байланыштырган темир жолдор;
12) темир жол - тиешелүү тилкеде жайгашкан, өзүнө жолдун үстүңкү түзүлүшүн, жер тилкесин, суу буруучу, суу өткөрүүчү, бузулушуна каршы, коргоочу жана бекемдөөчү курулмаларды өзүнө камтыган курулмалардын комплекси, ошондой эле жасалма курулмалар;
13) темир жол транспорту - рельс жолдору боюнча жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу үчүн арналган транспорттун жер үстүндөгү түрү (вагондор, локомотивдер);
14) жалпы эмес пайдалануудагы темир жол транспорту - келишимдик шарттарда жалпы эмес пайдалануудагы жерлерде көрсөтүлүүчү (аткарылуучу) кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн камсыз кылуу же ал жактардын жеке муктаждыктары үчүн жумуштарды аткаруу үчүн арналган темир жол транспортунун түрү;
15) жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту - юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттин жалпы келишимдин шартында темир жол транспорту менен ташууга муктаждыктарын камсыз кылуу жана ушундай ташууларга байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарды аткарууга) арналган темир жол транспорттун түрү;
16) инфратүзүм - магистралдык жана станциялык жолдорду, электрдик жабдуунун, сигнализациянын, байланыш объекттерин, түзүлүштөрдү, жабдууларды, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды, оңдоочу, эксплуатациялоочу жана башка объекттерди камтыган жана темир жол транспортунда ташуу процессин камсыз кылуу үчүн арналган технологиялык комплекс;
17) контейнер - темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана бир транспорт каражатынан башкасына механикалаштырып которуп жүктөө үчүн ылайыкталган стандартташтырылган көп жолу пайдаланылуучу сыйымдуулук;
18) ары-бери жүрүү - локомотивдин белгилүү бир убакыттын жана аралыктын белгиленген аралыктарында белгилүү бир каттамдын темир жолдору боюнча жүрүүсү;
19) маневрдук кыймылдар (жумуштар) - поезддин курамдуулугун өзгөртүү (кыймылдуу курамды чиркөө (ажыратуу), курамдарды түзүү (ажыраштыруу), курамдарды парктан паркка которуу боюнча операциялар, локомотивдин кыймылы жана аны поезддин курамына коюу же локомотивди ал курамдан чыгарып салуу, вагондорду поезд жолдоруна коюу же аларды ал жолдордон чыгарып салуу жана башка операциялар;
20) жалпы эмес пайдалануудагы жерлер - жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдор, ошондой эле айрым керектөөчүлөр жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, сактоо боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу жабык жана ачык кампалар жана участоктор;
21) улуттук ташуучу - инфратүзүмү бар жана жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн, почта жөнөтүүлөрүн ташуу кызматтарын көрсөтүүчү, ошондой эле атайын жана аскердик ташууларды аткаруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган юридикалык жак;
22) темир жол транспортунун кыймылын жана пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу - темир жол транспорту уюмдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка юридикалык жактардын, ошондой эле жеке жактардын темир жол транспортун үзгүлтүксүз иштөөсүнө, транспорт кырсыктарын болтурбоого, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган иши;
23) инфратүзүм объекттери - жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунда ташуу процессин аткарууну камсыз кылуу же болбосо инфратүзүмдүн технологиялык иштөөсүн камсыз кылуу үчүн түздөн-түз арналган жалпы пайдалануудагы темир жолдор, темир жол станциялары, анын ичинде бекеттер жана өзүнчө пункттар, курулмалар жана электр менен камсыздоочу түзүлүштөр, байланыш тармактары, сигнализация, борборлоштуруу жана тосмолоо тутумдары, маалыматтык комплекстер, кыймылды башкаруу тутуму, суу менен камсыздоо жана суу буруучу объекттер жана тутумдар, оңдоочу, эксплуатациялык жана башка имараттар, курулуштар, курулмалар, аянттар, түзүлүштөр, коргоочу курулмалар, жабдуулар;
24) кооптуу жүк - транспорттоо (ташуу) процессинде, маневрдук жана жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда жана сактоодо тиешелүү факторлор болгондо өздөрүнө тиешелүү касиеттерге байланыштуу жарылуунун, өрттүн, техникалык каражаттардын, түзүлүштөрдүн, курулмалардын, жабдуулардын, темир жол транспортунун башка объекттеринин жана үчүнчү жактардын химиялык же башкача түрдө булгануусуна, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келишине, айлана-чөйрөгө зыян келишине себеп болуучу заттар, материалдар, буюмдар, өндүрүштүн же башка иштин калдыктары;
25) инфратүзүмдүн оператору - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу негиздерде инфратүзүмгө ээлик кылуучу жана инфратүзүмдү пайдалануучу жана (же) инфратүзүмдү пайдалануу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жалпы пайдалануудагы темир жол транспорт уюму;
26) жалпы пайдалануудагы темир жол транспорт уюму - керектөөчүлөргө темир жол транспорту кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жак;
27) токтотуу пункту - жүргүнчүлөр платформалары же түшүрүүчү аянттар менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн башка жабдуулар менен жабдылган поезд токтоочу жер;
28) кайтарылуучу чөлкөмдөр - жол тилкесинин эки тарабына жанаша жаткан жана темир жол транспортунун, анын ичинде кыртышы бошоң аймактарда жана кар, кум каптоолорго жана башка зыяндуу таасирлерге дуушар болуучу аймактарда турган объекттердин сакталышын, бекемдигин жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында жер участокторун (жер участокторунун бөлүктөрүн) пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген чектердеги аймактар;
29) жүргүнчү - анык жүрүү документи (билети) боюнча же болбосо жүрүү документи (билети) болгон жана көрсөтүлгөн баруунун түздөн-түз алдында же андан кийин түздөн-түз темир жол станциясынын, темир жол бекетинин же жүргүнчүлөр платформасынын аймагында турган поездде жүрө турган адам;
30) эл аралык катнаштагы ташуулар - ар кайсы мамлекеттердин темир жол станцияларынын ортосунда жүзөгө ашырылуучу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн эл аралык катнашта ташуулар;
31) аралаш эл аралык катнашта ташуулар - бүткүл жүрүү каттамына жол-жоболоштурулган бирдиктүү транспорттук документ (транспорттук коштомо кагаз) боюнча транспорттун бир нече түрү менен мамлекеттердин аймактарынын чектеринде жүзөгө ашырылуучу ташуулар;
32) ташуу документи - жүктү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууга, жүк ташуучу бош вагонго келишим түзүлгөнүн ырастоочу документ;
33) кыймылдуу курам - темир жол ташууларын жүзөгө ашыруу үчүн арналган кыймылдуу темир жол транспорту (жүк, кол жүгү, жүргүнчү вагондору, локомотивдер), ошондой эле башка транспорт каражаттары;
34) поезд - бир же бир нече иштөөчү локомотивден же моторлуу вагондордон куралган жана чиркештирилген вагондордун курамы;
35) жол жүрүү документи (билет) - жүргүнчүнү ташууга келишим түзүлгөнүн ырастоочу документ, ал белгиленген формадагы бланкта жол-жоболоштурулат;
36) ташуу процесси - темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн даярдоодо, ташууларды жүзөгө ашырууда жана аяктоодо аткарылуучу уюштуруучулук жана технологиялык өз ара байланышкан аракеттердин жана операциялардын жыйындысы;
37) ташуучу - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу, менчик укугунда же болбосо башка мыйзамдуу негизде сүйрөгүч транспорт каражаттарын кошуп алганда кыймылдуу курамга ээлик кылган жана темир жол транспортундагы коопсуздуктун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарына жооп берген темир жол транспортунун уюму;
38) темир жолдорго бөлүнгөн тилке (мындан ары - бөлүнгөн тилке) - жалпы пайдалануудагы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдорго жанаша жаткан жалпы пайдалануудагы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдорду жайгаштыруу үчүн жер участоктору, ошондой эле топурак тилкеси, жасалма курулмалар, жол тилкеси жана башка имараттар, темир жол сигнализациясынын жана байланышынын түзүлүштөрү жана курулмалары, темир жол станцияларын, суу буруучу жана бекемдөөчү түзүлүштөрдү жайгаштыруу, темир жолдорду бойлото кеткен коргоочу токой тилкелерин, байланыш линияларын, электр менен жабдуу түзүлүштөрүн жана жол түзүлүштөрүн, өндүрүштүк (ремонттук жана эксплуатациялык) жана башка имараттарды, курулуштарды, курулмаларды, түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу же арналган жерлер, ошондой эле темир жол транспортун болочокто өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн жерлер;
39) керектөөчү - жүргүнчү, жүк жөнөтүүчү (жөнөтүүчү), жүк алуучу (алуучу) же болбосо темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн (жумуштарынан) пайдалануучу башка жеке же юридикалык жак;
40) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф - темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркынын акчалай туюнтмасы;
41) уюмдардын технологиялык темир жол транспорту - темир жол транспортунун жалпы пайдалануудагы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жолго чыкпаган, уюмдардын өз муктаждыктары үчүн темир жол транспорт уюмдарынын аймагы боюнча мүлктү ташуу үчүн арналган түрү;
42) темир жол транспортунун транспорттук каражаттары - темир жолдун кыймылдуу курамы, анын ичинде локомотивдер, мотордук жана мотордук эмес вагондор, жүк вагондору локомотив сүйрөгөн жүргүнчүлөр вагондору, ошондой эле ташууларды, курулушту, калыбына келтирүүнү, оңдоону жана инфратүзүмдүн иштөөсүн жүзөгө ашыруу үчүн арналган башка кыймылдуу темир жол курамы;
43) инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү - жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн инфратүзүмдү пайдалануу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр жана темир жол транспортундагы ташуу процесси менен байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөр;
44) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн, почта жөнөтүүлөрүн ташуу жана мындай ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан кошумча кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар), ошондой эле инфратүзүмдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
45) ташуу процессинин катышуучусу - ташуу процессине катышкан темир жол транспортунун уюму;
46) ташуу акысы - темир жол транспорту менен жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөнүүчү акы;
47) технологиялык темир жол транспорту - товарларды ташууга жана темир жол кыймылдуу курамы менен баштапкы жана акыркы операцияларды аткарууга багытталган темир жол транспорту.
(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"Редакцияларды салыштыруу
24.10.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эле атайын жана аскердик ташууларды аткаруучу Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган юридикалык жак;
22) темир жол транспортунун … пайдалануу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жалпы пайдалануудагы темир жол транспорт … жана темир жол транспортундагы коопсуздуктун Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарына жооп берген темир жол транспортунун … жасалма курулмалар, жол тилкеси жана башка имараттар, темир жол алынып салынды: байланыш түзүлүштөрү, кошулду: сигнализациясынын жана байланышынын түзүлүштөрү жана курулмалары, темир жол станцияларын, суу буруучу жана бекемдөөчү түзүлүштөрдү … катышуучусу - ташуу процессине катышкан темир жол транспортунун алынып салынды: уюму.кошулду: уюму;
46) ташуу акысы - темир жол транспорту менен жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөнүүчү акы;
47) технологиялык темир жол транспорту - товарларды ташууга жана темир жол кыймылдуу курамы менен баштапкы жана акыркы операцияларды аткарууга багытталган темир жол транспорту.
(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-3" title="3-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>