# 21-берене. Темир жол транспорту кызматкерлеринин айрым категорияларын, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почталык жөнөтүүлөрдү камсыздандыруу

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398#diff=1195003..1195004>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 21-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-21

---

1. Ишинин мүнөзү жолдо жүрүү менен байланышкан, өзгөчө абал киргизилген райондорго иш сапарга жиберилген, поезддерде контролдук-инспекциялык иш-милдеттерди аткарган темир жол транспортунун кызматкерлери, ошондой эле аскерлештирилген күзөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарган мезгилде милдеттүү түрдө жеке камсыздандырылууга тийиш.

2. Жүргүнчүлөрдү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу, ошондой эле жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ыктыярдуу камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

3. Эл аралык ташууларды камсыздандыруу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-22)
