21-берене. Темир жол транспорту кызматкерлеринин айрым категорияларын, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почталык жөнөтүүлөрдү камсыздандыруу
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 4-глава
1. Ишинин мүнөзү жолдо жүрүү менен байланышкан, өзгөчө абал киргизилген райондорго иш сапарга жиберилген, поезддерде контролдук-инспекциялык иш-милдеттерди аткарган темир жол транспортунун кызматкерлери, ошондой эле аскерлештирилген күзөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарган мезгилде милдеттүү түрдө жеке камсыздандырылууга тийиш.
2. Жүргүнчүлөрдү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу, ошондой эле жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ыктыярдуу камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
3. Эл аралык ташууларды камсыздандыруу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-21" title="21-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>