# 19-берене. Өзгөчө жагдайларда темир жол транспортунун ишин уюштуруу

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 19-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-19

---

1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдары темир жол транспортунун иштешин бузууга алып келген кыйроолордун, авариялардын, табигый кырсыктардын (басып калуулар, суу басуулар, өрттөр ж.б.) кесепеттерин четтетүү боюнча шашылыш чараларды көрөт. Бул чараларды жүзөгө ашыруу үчүн аларда материалдык жана техникалык каражаттардын запасы болуусу тийиш, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары темир жол транспортунун уюмдарына адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, кыймылдын коопсуздугуна жана жүктөрдүн сакталышына коркунуч келтирген кыйроолорду, аварияларды, табигый кырсыктарды жоюуга жардам көрсөтөт. Аткаруу бийлиги органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыйроолорду, аварияларды, табигый кырсыктарды жоюу менен байланышкан сарптоолорун компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-20)
