# 17-берене. Темир жол кыймылдуу курамына жана контейнерлерине карата негизги талаптар

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 17-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-17

---

1. Жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу үчүн арналган темир жол кыймылдуу курамы жана контейнерлер алардын таандыктуулугуна карабастан темир жол транспорту чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин, ченемдердин талаптарына ылайык келүүсү тийиш.

2. Ары-бери жүрүүсү эл аралык катнашта жүзөгө ашырылуучу темир жол кыймылдуу курамына карата талаптар Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-18)
