16-берене. Кыймыл коопсуздугу боюнча негизги жоболор
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 4-глава
1. Ташуу процесси менен байланышкан темир жол бөлүмдөрүнүн аймактары, аларда поезддердин кыймылы жүзөгө ашырылуучу, маневрдук жана жүктөө-түшүрүү жумуштары жүргүзүлүүчү темир жол линиялары, ошондой эле оңдоо ишканалары жогорку кооптуулуктагы чөлкөмдөр болуп саналат.
2. Темир жолдордун түзүлүшүнүн үстүңкү элементтери жана темир жол транспортуна жиберилүүчү башка техникалык каражаттар жана механизмдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген коопсуздук талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келүүгө тийиш.
3. Аймактарында кооптуу жүктөрдү өндүрүү, сактоо, жүктөө, ташуу жана түшүрүү жүзөгө ашырылган объекттер жалпы пайдалануудагы темир жолдорунан жана жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту уюмдарынын башка объекттеринен алардын коопсуз иштешин камсыз кылуучу аралыкта алыс туруулары тийиш. Көрсөтүлгөн объекттерден жалпы пайдалануудагы темир жолдоруна жана курулмаларга, жалпы пайдалануудагы темир жолдорундагы кесилишкен түтүк өткөргүчтөргө, байланыш, электр берүү линияларына жана башка курулмаларга чейинки минималдуу аралык, ошондой эле мындай объекттерди темир жолдор кесилишкен жана алар менен жакындаган жерлерде куруу жана кармоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кооптуу жүктөрдү өндүрүү, сактоо, жүктөө, ташуу жана түшүрүү жүзөгө ашырылган объекттердин менчик ээлери кыймылдын жана темир жол транспорту пайдалануу коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү авариялык кырдаалдардын келип чыгуусу жөнүндө жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдарына өз убагында кабарлоого милдеттүү.
4. Темир жолдордун автомобиль жолдору менен кесилишкен жерлери (темир жол өткөөлдөрү) темир жолдорун жана темир жол өткөөлдөрүн эксплуатациялоонун техникалык эрежелеринде, курулуш ченемдеринде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген эрежелерде аныкталат.
5. Ташуу процесси менен байланышкан транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыймылынын жана эксплуатациялоонун коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, жарандык, жазык жоопкерчилигин тартышат.
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-16" title="16-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>