# 15-берене. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууну, транспорттук жана башка техникалык каражаттарды эксплуатациялоону уюштуруу

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 15-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-15

---

1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун ишин уюштуруу жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жүрүүнүн, жүктөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуунун коопсуз шарттарын, поезддердин жана темир жол транспортунун башка каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун, анын ичинде маневрдук иште ташуу процесси менен байланышкан транспорттук жана башка техникалык каражаттарды эксплуатациялоону, ошондой эле кызматкерлердин эмгегин коргоону жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылынышы керек.

Темир жол транспорту жана инфратүзүм эксплуатациялоо процессинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык келиши керек. Жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдордун менчик ээлери аларды темир жол транспортунун кыймылынын жана эксплуатациялоонун жана табигый айлана-чөйрөнү коргоонун коопсуздугун камсыз кыла турган абалда кармоого милдеттүү.

2. Темир жол транспортунда ташуу процессине байланыштуу транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыймылынын жана эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу улуттук ташуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Темир жол транспортунда кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууну контролдоону жүзөгө ашыруучу атайын кызмат, ошондой эле темир жолдогу авариялардын кесепеттерин жоюучу авариялык-калыбына келтирүүчү бөлүмдөр иштейт. Кыймылдын коопсуздугун бузууларды кызматтык териштирүүнүн, классификациялоонун жана эсепке алуунун тартиби улуттук ташуучу тарабынан бекитилет.

4. Темир жол менен ташылуучу кооптуу жана атайын жүктөрдүн менчик ээлери, мындай жүктөрдү жөнөтүүчүлөр жана алуучулар аларды ташуу, жүктөө жана түшүрүү коопсуздугуна кепилдик берүүгө, бул жүктөрдү ташууда алар келип чыккан учурда авариялык кырдаалдарды жана авариялардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон каражаттары жана мобилдүү бөлүмдөрү болууга тийиш.

Улуттук ташуучу кооптуу жана атайын жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылууга жана калыбына келтирүүнүн болгон каражаттарынын тактикалык-техникалык чектеринде бул жүктөрдү ташууда алар келип чыккан учурларда авариялардын кесепеттерин жоюуга катышууга милдеттүү.

5. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту уюмдары жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жол транспортунун менчик ээлери транспорт кырсыктарынын, анын ичинде кыйроолордун, авариялардын жана инциденттердин кесепеттерин чектөө жана жоюу, жарандардын өмүрүн сактоо жана ден соолугун коргоого, айлана-чөйрөгө, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмдөрүн төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-16)
