# 13-берене. Жалпы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууларды жүзөгө ашыруу негиздери

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 13-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-13

---

1. Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

Эл аралык катнаштар боюнча жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу улуттук ташуучу тарабынан тиешелүү операцияларды аткаруу үчүн ачык болгон темир жол станцияларынын ортосундагы жалпы пайдалануудагы темир жолдор боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Жүргүнчүлөрдүн темир жол транспортунда жүрүүсү жол жүрүү документтери (билеттер) боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Инфратүзүмдүн менчик ээлери, улуттук ташуучу, ташуучу жана уюмдар, көмөкчү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарган жеке ишкерлер үчүн темир жол транспорту менен жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын (жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн жеткирүүнүн мөөнөтү жана сакталышы) жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдү тейлөө сапатынын көрсөткүчтөрү темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-14)
