Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Жалпы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууларды жүзөгө ашыруу негиздери
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 3-глава
1. Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
Эл аралык катнаштар боюнча жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу улуттук ташуучу тарабынан тиешелүү операцияларды аткаруу үчүн ачык болгон темир жол станцияларынын ортосундагы жалпы пайдалануудагы темир жолдор боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Жүргүнчүлөрдүн темир жол транспортунда жүрүүсү жол жүрүү документтери (билеттер) боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Инфратүзүмдүн менчик ээлери, улуттук ташуучу, ташуучу жана уюмдар, көмөкчү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарган жеке ишкерлер үчүн темир жол транспорту менен жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын (жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн жеткирүүнүн мөөнөтү жана сакталышы) жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдү тейлөө сапатынын көрсөткүчтөрү темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталат.
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-13" title="13-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>