# 11-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, милдеттери жана принциптери

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398#diff=1195003..1195004>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 11-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-11

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп темир жол транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракетте иштешин камсыз кылуу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн өз убагында камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономикалык мейкиндик бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттин жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;

2) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо;

3) коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, темир жол кызмат көрсөтүүлөрүнүн ички рыногун коргоо;

4) темир жол ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү.

3. Темир жол транспортунун иштеши төмөнкүдөй принциптердин натыйжасында жүзөгө ашырылат:

1) инфратүзүмдүн жана инфратүзүмдүн алкагындагы ташуу процессин борборлоштурулган диспетчердик башкаруунун бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

2) магистралдык темир жол тармагын жана темир жол транспортунун кыймылдуу курамын өнүктүрүү;

3) темир жол транспортунун ишинин туруктуулугу жана динамикалык өнүгүшү;

4) ташууларды өнүктүрүү;

5) көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;

6) темир жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу;

7) атаандаштыкты өнүктүрүү жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өнүккөн рыногун калыптандыруу;

8) мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу;

9) мамлекеттин бирдиктүү транспорт тутумунун макулдашуу менен иштөөсү;

10) темир жол транспортун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик органдардын чарбалык иштерге мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында эркин ишкердик үчүн шарттарды түзүү;

11) айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;

12) темир жол транспортунун мобилизациялык даярдыгын колдоо.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-2)
