11-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, милдеттери жана принциптери
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99
1. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп темир жол транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракетте иштешин камсыз кылуу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн өз убагында камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономикалык мейкиндик бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттин жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;
2) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо;
3) коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, темир жол кызмат көрсөтүүлөрүнүн ички рыногун коргоо;
4) темир жол ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү.
3. Темир жол транспортунун иштеши төмөнкүдөй принциптердин натыйжасында жүзөгө ашырылат:
1) инфратүзүмдүн жана инфратүзүмдүн алкагындагы ташуу процессин борборлоштурулган диспетчердик башкаруунун бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
2) магистралдык темир жол тармагын жана темир жол транспортунун кыймылдуу курамын өнүктүрүү;
3) темир жол транспортунун ишинин туруктуулугу жана динамикалык өнүгүшү;
4) ташууларды өнүктүрүү;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
6) темир жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу;
7) атаандаштыкты өнүктүрүү жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өнүккөн рыногун калыптандыруу;
8) мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу;
9) мамлекеттин бирдиктүү транспорт тутумунун макулдашуу менен иштөөсү;
10) темир жол транспортун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик органдардын чарбалык иштерге мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында эркин ишкердик үчүн шарттарды түзүү;
11) айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;
12) темир жол транспортунун мобилизациялык даярдыгын колдоо.
(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"Редакцияларды салыштыруу
24.10.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Ушул Мыйзамдын максаттары, милдеттери жана принциптери 1. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп темир жол транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракетте иштешин камсыз кылуу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн өз убагында камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономикалык мейкиндик бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. 2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) мамлекеттин жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу; 2) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо; 3) коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, темир жол кызмат көрсөтүүлөрүнүн ички рыногун коргоо; 4) темир жол ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү. 3. Темир жол транспортунун иштеши төмөнкүдөй принциптердин натыйжасында жүзөгө ашырылат: 1) инфратүзүмдүн жана инфратүзүмдүн алкагындагы ташуу процессин борборлоштурулган диспетчердик башкаруунун бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу; 2) магистралдык темир жол тармагын жана темир жол транспортунун кыймылдуу курамын өнүктүрүү; 3) темир жол транспортунун ишинин туруктуулугу жана динамикалык өнүгүшү; 4) ташууларды өнүктүрүү; 5) көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты; 6) темир жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу; 7) атаандаштыкты өнүктүрүү жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өнүккөн рыногун калыптандыруу; 8) мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу; 9) мамлекеттин бирдиктүү транспорт тутумунун макулдашуу менен иштөөсү; 10) темир жол транспортун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик органдардын чарбалык иштерге мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында эркин ишкердик үчүн шарттарды түзүү; 11) айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу; 12) темир жол транспортунун мобилизациялык даярдыгын колдоо. (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 "Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде…Постановление · 06.04.2018 · № 189
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуПостановление · 06.04.2018 · № 189
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-11" title="11-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>