# 10-берене. Темир жол транспорту уюмдарынын транспорттун башка түрлөрү, инфратүзүмдүн менчик ээлери болуп саналган юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2217/edition/1195003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111398/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 10-берене (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-10

---

1. Темир жол транспорту жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууларды аралаш катнаштарда жүзөгө ашырууда аба, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенет.

2. Аралаш катнаштарда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын тартиби жана аны уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленет.

3. Темир жол транспорту уюмдарынын инфратүзүмдүн менчик ээлери болуп саналган юридикалык жана жеке жактар менен укуктук мамилелери, ошондой эле кошулма темир жолдорду пайдалануунун жана жалпы пайдалануудагы темир жолдордо өзүнө тиешелүү болгон кыймылдуу курамды жүгүртүүнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында жана алардын негизинде түзүлгөн келишимдерде аныкталат.

11-берене. Темир жол транспортунун кайтарылуучу чөлкөмдөрү Жер көчкүлөрүнө, уроолорго, селдерге жана башка коркунучтуу таасирлерге дуушар болуучу мамлекеттик маанидеги жерлерде жайгашкан калктын коопсуздугун жана инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттун өнөр жай объекттери жана башка түрлөрү тарабынан) талаптагыдай пайдаланууну камсыз кылуу максатында кайтарылуучу чөлкөмдөр белгиленет. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү белгилөө тартиби, алардын өлчөмдөрү, ушул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди эксплуатациялоо эрежелери, аларды карап-күтүү, оңдоп-түзөө, куруу жана пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 "Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-9)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111398/st-12)
