# КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 119 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 119 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2216/edition/729051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 119 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111397

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 18-июлу № 119 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111397/st-1)

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-беренеде: 2-бөлүгү "Сугат айдоо жерлерин" деген сөздөрдөн кийин "бонитетинин балы 40тан төмөн көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү "жерлер" деген сөздөн кийин "жерлердин башка категорияларына которулушу же" деген сөздөр менен толукталсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерге, жерлердин түрлөрүнө которууга жол берилбейт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111397/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
