# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111396/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2215/edition/798734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111396/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (15.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111396/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 671-статья менен толукталсын:

"67-1. Күрөө жөнүндө мыйзамдарды бузуу Күрөөнүн токтотулушу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазууну өз убагында киргизбөө, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга -эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 513-статьяда:

а) 1-бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "67-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"671-статья менен - Күрөө каттоо кеңсесинин жетекчиси;".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111396/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111396/st-4)
