Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 15.07.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 283-статьянын 1-пунктунда:
а) "бир жылдын" деген сөздөр "үч жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе" деген сөздөр "Эгерде Жер кодексинде башкача белгиленбесе" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 324-статьяда:
а) 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Кодекстин келишимден улам келип чыккан күрөө жөнүндө эрежелери, мыйзамдын негизинде келип чыккан күрөөгө карата да колдонулат. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган күрөөгө тийиштүү укуктук мамилелер күрөө жөнүндө мыйзамдар, ошондой эле жер мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 326-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацында "мыйзамда же" деген сөздөр алып салынсын;
4) 327-статьянын 2-пунктундагы "мыйзамда же" деген сөздөр алып салынсын;
5) 328-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- келишимдин колдонулушунун мөөнөтү. Эгерде келишимде анын колдонулушунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим анда аныкталган тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы бүткөн учурга чейин колдонулат деп таанылат;";
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыймылсыз мүлктүн күрөөсү жөнүндө келишим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш жана жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик катталууга жатат. Эгерде күрөө нотариалдык ырасталууга жаткан келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кылса, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим, кыймылдуу мүлк менен байланышкан укуктар нотариалдык ырасталууга тийиш. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоо ыктыярдуу негизде электрондук формада ишке ашырылат, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу жөнүндө жоболорду камтыган жараксыз келишимге мыйзамдуу күч бербейт. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу милдеттенмелердин аткарылышын талап кылуу укугун караган ушул Кодекске ылайык түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгына алып келбейт. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктары болбогон башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын канааттандыруунун артыкчылыктуу укуктарын бөлүп берүү максатында жүзөгө ашырылат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) күрөөнүн бир эле жүйөсүнө катталган же катталбаган талап укугу бир нече күрөө кармоочулар болгондо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) кезектүүлүктөгү артыкчылык катталган талап укугуна берилет. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугунун артыкчылыгы күрөөнү каттоонун датасы жана убактысы боюнча аныкталат. Катталган күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн учурда, кезектүүлүк тартибин бузган күрөө кармоочу ушул Кодекске ылайык кезектүүлүк артыкчылыгы бар күрөө кармоочуга чыгымдардын ордун толтуруп берет.";
в) 5-пунктта "Мыйзамда каралбагандыктан, күрөө укугу:" деген сөздөр "Күрөө укугу:" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 329-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Катталган күрөө кабарлоосу болгондо, кыймылдуу мүлктүн болгон күрөөлөрү жөнүндө маалыматтарды кийинки күрөө кармоочулар Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алат.";
7) 330-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "мыйзамда же" деген сөздөр алып салынсын;
8) 331-статьянын 3-пунктунда "мыйзамда же" деген сөздөр алып салынсын;
9) 332-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "мыйзамда же" деген сөздөр алып салынсын;
10) 335-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Катталган күрөө кабарлоосунда күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу ниети болбогондо күрөө кармоочу күрөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык күрөө кабарлоосуна жазуу киргизгенден кийин нотариуска аткаруу жазуусун жасоо үчүн кайрылууга укуктуу.";
б) 3-пунктта:
- биринчи сүйлөмдө "мыйзамда же" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи сүйлөмдө "мыйзамда" деген сөз "ушул Кодексте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 336-статьяда:
а) 1-пунктта "мыйзам же" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-пунктта "мыйзам же" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 15.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111396/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>