# Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2214/edition/1095187/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111395

---

КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 15-июлу № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111395/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бул кепилдик Өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган учурларга карата колдонулбайт.";

2) 24-беренеде:

а) 2-бөлүгү "кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда" деген сөздөрдөн мурда "Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөттүн мүчөсү" деген сөздөр "Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111395/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
