# 8-берене. Ипотекалык агент

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 8-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-8

---

1. Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн, ипотекалык кредит жана (же) ипотекалык күрөөлүк боюнча талап кылуу укугун сатып алуу ишинин предмети болуп саналган жана андан ары ипотекалык жабымы бар облигацияларды ушул Мыйзамда белгиленген башка талаптарга ылайык чыгарган жана жайгаштырган юридикалык жак гана ипотекалык агент боло алат. Ипотекалык агенттин фирмалык аталышында "ипотека компаниясы" же "ипотека уюму" деген сөздөр камтылууга тийиш.

2. Ипотекалык агенттин ишинин предметине тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду анын уставына киргизүүгө жол берилбейт, тескерисинче, бул юридикалык жак ипотекалык жабымы бар облигацияларды чыгарууга укуксуз, ал эми чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялар дароо жок кылынууга тийиш.

3. Ипотекалык агент төмөнкүлөргө укуксуз:

1) жеке аткаруу органына ээ болууга;

2) Директорлор кеңешин түзбөстөн иштөөгө;

3) өзү чыгарган акцияларды сатып алууга.

Аталган талаптардын бузулушу ипотекалык агентти жоюу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга негиз болот. Мындай кайрылууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүгө укуктуу.

4. Ипотекалык агенттин аткаруу органынын функциялары инвестициялык активдерди ишеним башкарууга лицензиясы бар коммерциялык уюмга - башкаруучу компанияга берилиши мүмкүн.

5. Ипотекалык агент көз каранды эмес аудитордук уюмду тартуу менен өзүнүн каржылык отчетуна, ички контроль жана корпоративдик башкаруу тутумуна жыл сайын аудит жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Ушул Мыйзамда эскертилгенден башка учурларда, ачык компания, баалуу кагаздардын эмитенти катары ипотекалык агентке баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар колдонулат.

7. Ипотекалык агент ушул Мыйзамга ылайык ишин жүзөгө ашырууда өзүнүн кредиттик жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, колдоого же болбосо каржылык жоготуу коркунучун азайтууга багытталган бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-9)
