# 31-берене. Баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүү

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 31-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-31

---

1. Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти, ипотекалык жабымдын башкаруучусу жана депозитарий баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте отчет берип турууга милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенттеринин менчик каражаттарынын өлчөмүнө коюлуучу талаптарды жана аны эсептөөнүн тартибин белгилейт;

2) ипотекалык жабымды башкаруучу менен депозитарийдин кызыкчылыктарынын кагылышынын алдын алууга багытталган талаптарды белгилейт;

3) ипотекалык жабымды башкаруучунун жана депозитарийдин кызматкерлерине квалификациялык талаптарды белгилейт;

4) катышуунун ипотекалык сертификаттарын жок кылуунун, анын ичинде катышуунун ипотекалык сертификаттарын жок кылууда төлөнүүчү сумманы аныктоонун тартибине коюлуучу талаптарды белгилейт;

5) ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенттерине, ипотекалык жабымды башкаруучуга, депозитарийге аудитордук кызмат көрсөтүү укугу бар аудиторлорго карата коюлуучу талаптарды белгилейт;

6) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн эрежесин бекитет;

7) ипотекалык жабымдын өлчөмүн аныктоонун тартибин белгилейт;

8) маалыматтардын курамына кошумча талаптарды жана ипотекалык жабымдын реестрин жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт;

9) ипотекалык жабымдын түзүмүнө жана минималдык өлчөмүнө кошумча талаптарды белгилейт;

10) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-32)
