# 30-берене. Жарыялана турган маалыматтар

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 30-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-30

---

1. Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жарыялайт.

2. Ипотекалык жабымды башкаруучу катышуунун ипотекалык сертификаттарын берүүнүн мөөнөтү башталганга чейин Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелерин жарыялоого милдеттүү.

3. Ипотекалык жабымды башкаруучу Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелерине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоону жактыруу жөнүндө кабарды жарыялоого милдеттүү.

4. Төмөнкүлөр жарыяланууга тийиш:

1) ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн балансы, бухгалтердик баланс жана ипотекалык жабымды башкаруучунун кирешелери жана зыяндары жөнүндө отчет;

2) талаптары ипотекалык жабымды түзгөн милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө отчет, ипотекалык жабымды башкаруучунун сыйакысы жана ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебинен орду толтурула турган чыгымдар жөнүндө маалымат;

3) ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун келишими боюнча укуктарды жана милдеттенмелерди ушул Мыйзамга ылайык катышуунун ипотекалык сертификаттарын берүүгө укугу бар башка жакка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат;

4) ушул Мыйзамга ылайык башка документтер.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-31)
