# 25-берене. Ипотекалык жабымдын депозитарийи

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 25-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-25

---

1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү эсепке алууну жана сактоону жана укуктарды, ошондой эле бул мүлктүн тескелишин контролдоону депозитарий жүзөгө ашырат.

2. Баалуу кагаздардын рыногунда депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар коммерциялык уюм депозитарий болуп саналат.

3. Ар бир ипотекалык баалуу кагазды чыгаруу боюнча ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү эсепке алууну жана сактоону бир гана депозитарий жүзөгө ашырат.

Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитентине карата аффилирленген жак болуп саналган депозитарий ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебин алууну жана сактоону жүзөгө ашыра албайт. Депозитарийдин ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле өзү ипотекалык жабымдын реестрин жүргүзүп жаткан ипотекалык баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

4. Депозитарий мамлекеттик баалуу кагаздарды жана акчаларды кошпогондо, ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү сактоо жана (же) алардын эсептерин алуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга башка депозитарийди же болбосо адистешкен уюмду тартууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-26)
